БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Жыл башынан бери бийлик ишсиз 3,4 миң кишини окутуп, анын 57 пайызы жумушка орношту. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлады.
Жумушсуз жарандарды компьютер оператору, ашпозчу, косметолог, чач тарач, маникюр мастери, массажист, котормочу, бухгалтер, айдоочу, электрогаз ширетүүчү, сантехник, тигүүчү сыяктуу суроо-талапка күч кесиптерге окутушкан.
Жарым жылда министрликтин шаардык жана райондук кызматтары иш боюнча 10 миң адамга консультация берген. Анын жарымы 9-11-класстын окуучулары болгон.
Мекеме Жалал-Абад, Талас, Өзгөн, Бишкек, Ош, Нарын жана Каракол шаарларында кесиптерге багыт берүүчү борборлор иштеп жатканын эске салды.