Ошто 40 градуска жетет! Кыргызстан боюнча бир жумага карата аба ырайы

Өлкө аймагында 24-июлдан 30-июлга чейин ысык сакталат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы аптада аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат таратты.
Өлкө аймагында 24-июлдан 30-июлга чейин күндүн ысыгы сакталат.
Бишкекте жума ичинде жаан-чачын болбойт. 25-июлда күн 39 градуска чейин ысыйт. 27-июлда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 14 метрге жетет.

Чүй

Апта ичинде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 27-июлда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Күндүн ысыгы 38-39 градуска чейин жетет.

Талас

24-30-июлда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 27-июлда күндүз 14 метрге жетет. Абанын күндүзгү температурасы 35-37 градус болот.

Ош

24-30-июлга чейин күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 27-июлда күн 40 градуска чейин ысыйт. Ушул эле күнү айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Жалал-Абад, Баткен

Жума ичинде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 27-июлда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Ысык-Көл

Бул облуста дагы жума ичинде күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күн 33 градуска чейин ысыйт.

Нарын

Облуста жума ичинде айрым аймактарда өткүн өтүп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 27-июлда күндүз 14 метрге жетет. Күн 35 градуска чейин ысыйт.
Августта Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? Бир айга божомол