Көөнө Сөз

Манасчы эпостогу "амбар" деген көөнө сөздү чечмелеп берди

"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Sputnik
Манаста кездешкен "амбар" деген сөздү сырттан келген деп кабылдагандар кездешет. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, Манаста көптөгөн унутта калган сөздөр катылган.
"Беш тамга, эки муундан турган "амбар" деген сөз бар. Манаста бул сөз абдан кеңири кездешет. Анын мааниси кампа, кайсы бир буюм, азык-түлүктү сактоочу, топтоочу жай. Бул сөздү айрымдар сырттан келген, башка элдин сөзү катары кабылдашат. Чынында эпостун Көкөтөйдүн керезинде "Амбарга жыйган алтын бар, Артымда калган катын бар" деген жери кездешет. Ошондой эле улуу баянда "Байпагы манат болсо да, байлыкка тойбос байлар бар. Амбарга алтын толсо да шүгүрдү билбес жандар бар" деген сындуу саптар айтылат. Ошондуктан өзүбүздүн көөнө сөздөрдү жерип, чанбастан колдоно билүү зарыл", — деди Талантбеков.
Ошондой эле манасчы айрым көөнө сөздөр унутта калып, кийинки муун аларды сырттан келген сөз катары кабылдап жатканын кошумчалады.