Грецияда ысыктын узактыгы тарыхта рекорд коёру болжолдонууда

Өлкөдө 15-16 күндөн бери аптап болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Афинанын улуттук обсерваториясы ысыктын узактыгы тарыхта рекорд коёрун болжогонун CNN телеканалы жазды.
“Бизде мээ кайнаткан ысык 15-16 күндөн бери уланууда, буга чейин мындай аптапты сезген эмеспиз”, — деген обсерваториянын эксперти Костас Лагувардос.
Ал аба ырайынын ысышы дагы узарышы мүмкүн экенин, божомолдоо кыйынга туруп жатканын айткан.
Обсерваториянын маалыматы боюнча, Грецияда ысыктын толкуну 1987-жылы катталып, 12 күнгө созулган. Ошол эле маалда Афинадагы азыркы температура 2007-жылдагы тарыхый рекорддон (44,8) ашкан.
3-июлда Жердеги орточо ысык температура рекорд койгон