24-июлга карата аба ырайы

24-июлга караган түнү республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө, Талас аймагында +33...+38, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көл чөлкөмүндө +27...+32 жана Нарын жергесинде +28...+33 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +36...+38, Ош калаасында +37...+39, Чолпон-Ата шаарында +27...+29 градус болот.
Көпүрөдөн сууга секирбегиле! Министрлик эскертүү берди