Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Байдендин жардамчысы Украина контрчабуулда көп жоготууларга туш болгонун айтты

АКШ президентинин жардамчысы ага Киевге чабуул оор болорун айтканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. – Sputnik. Украинанын куралдуу күчтөрү контрчабуулда чоң жоготууларга тушугууда. Бул тууралуу АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливандын айтканын РИА Новости таратты.
"Бул контрчабуулда жаракат алгандар жана каза болгондор көп. Чабуул жүрүп жатат, катуу жүрүп жатат, бирок биз ал оор болорун айтканбыз", — деген Салливан бул согушта Украина бардык күчтөрдү колдоно электигин, ылайыктуу учурду күтүп жатканын белгилеп. Өз кезинде Вашингтон бул маселеде Украинага кеңеш берерин, бирок чечим Киевдин өзүндө экендигин да кошумчалаган.
Байдендин жардамчысынын айтымында, АКШ жана НАТОнун башка өлкөлөрү Украинага жаңы куралдарды жеткирүү маселесинде тобокелдиктерге барууга даяр. Салливан альянстын бардык мүчөлөрү мындай кадамдарга Москванын реакциясы кандай болорун байкоо зарылдыгын, себеби бул аракеттер "глобалдык туруктуулукту сактоо үчүн маанилүү" экендигин белгилеген.
Украинанын Запорожье фронтунун Түштүк Донецк, Орехово, Васильев жана Артемовск багытындагы чабуулу 4-июнда башталган. Анткен менен негизги сокку Запорожье фронтуна урулган болчу. РФ президенти Владимир Путин Украина контрчабуулга өткөнүн, бирок бир да жерде ийгиликке жетпегенин билдирген.
3-июлда Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу контрчабуул баштагандан бери Украина 26 миңден ашык жоокер, 1 244 танк, 21 учак, 6 тик учак жана миңдей башка техника жоготконун билдирген.
Украинанын аскерлеринин аракеттери ийгиликсиз болгондугун Батыштын ЖМКлары Киев согушка ири бөлүктөрдү жана Батыштын техникаларын киргизүүнү токтотту деп түшүндүрүшкөн. Өз кезинде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен: "Украинанын куралдуу күчтөрүнүн чабуулу бир жолу эле болбойт, ал бир нече айларга созулат", — деген оюн айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ТИМи: АКШ Украинадан контрчабуулду улантууну талап кылууда