БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. УКМК чек арачыларды Камчыбек Ташиевдин баласы Тай-Мурастын атын айтып, коркутуп-үркүткөн кыргызстандыкты кармады. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз бөлүмүнөн кабарлады.
Окуя Чүй облусундагы Ак-Тилек көзөмөл-өткөрүү жайында болгон. Маалыматта Toyota Land Cruser айдаган жаран Казакстанга өтүү ниетин көздөгөндүгүн жана жолдун каршы тилкесине чыгып алып айдагандыгы айтылат.
Аны чек арачылар токтоткондо Тай-Мурас Ташиев менен байланышы бар экенин айтып, коркутуп-үркүтө баштаган. Натыйжада ага карата кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармаган жайына киргизилген.