БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кыргызстанда жалпысынан 334 базар иштей турганын Статистика боюнча улуттук комитет билдирди.
Аталган комитеттин I квартал боюнча баяндамасында 335 базар туурасында айтылган.
Жогорудагы белгиленгендердин ичинен 55и жекшемби, калган 279у күн сайын иштейт.
Түрлөрү:
Азык-түлүк саткандар — 36;
Буюм-тайым саткандар — 69;
Аралаш товарлар — 184;
Мал, канаттууларды саткандар — 36;
Автоунаа жана анын тетиктерин саткандар — 9.
Аймактардагылар:
Ош облусу — 84;
Бишкек — 65;
Жалал-Абад — 62;
Чүй — 36;
Баткен — 24;
Ош шаары — 24;
Нарын — 15;
Талас — 12;
Ысык-Көл — 12.