Казакстан Өзбекстан менен чогуу футбол боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүнү сунуштады

Мындай сунуш Борбор Азиядагы түрк тилдүү өлкөлөрдүн Футбол ассоциацияларынын расмий өкүлдөрүнүн Кыргызстанда өткөн саммитинде айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. – Sputnik. Казакстандын футбол федерациясынын башчысы Адлет Берменкулов FIFA уюмуна 2034-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионатын Өзбекстан менен биргеликте өткөрүүгө билдирме берүүнү сунуштады.
Ал мындай сунушту Борбор Азиядагы түрк тилдүү өлкөлөрдүн Футбол ассоциацияларынын расмий өкүлдөрүнүн Кыргызстанда өткөн саммитинде айткан.
2026-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты дароо үч өлкөдө – Канада, Мексика жана АКШда болот. 2030-жылы биринчи дүйнө чемпионатынын өткөндүгүнө 100 жыл толот, бул жылы дүйнөлүк масштабдагы оюн кайсы өлкөдө өткөрүлөрү аныктала элек. Айта кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты төрт жылда бир өтөт.
Роналду жылдын эң бай спортчусу аталды. Бир жылдык кирешеси