Казакстан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка арыз бербей турганын билдирди

Буга чейин Казакстандын футбол федерациясынын башчысынын 2034-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатын Өзбекстан менен бирге өткөрүү сунушун айтканы кабарланган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Казакстандын Маданият жана спорт министрлиги 2034-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү боюнча арыз бербей турганын билдирди. Бул тууралуу Tengrinews жазды.
Эске салсак, Казакстандын футбол федерациясынын башчысы Адлет Берменкулов FIFA уюмуна 2034-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионатын Өзбекстан менен биргеликте өткөрүүгө билдирме берүүнү сунуштаганы айтылган. Муну ал Борбор Азиядагы түрк тилдүү өлкөлөрдүн Футбол ассоциацияларынын расмий өкүлдөрүнүн Кыргызстанда өткөн саммитинде айткан.
"Маданият жана спорт министрлиги Казакстандагы футболдун өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бөлөт жана ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Бирок Казакстандын футбол боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүсү каралган эмес, албетте, биздин өлкө буга арыз берүү планында жок", — деп билдирди ведомстводон.
Александр Крестинин Өзбекстандын "Бунёдкор" клубун жетектеди