Калкты жеткиликтүү дары-дармектер менен камсыз кылуу үчүн "Дары-дармек каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому бекитилди. Мындай кадам 2023-жылдын 31-майында кабыл алынган жана баалардын негизсиз жана кескин өсүшүнө жол бербөө максатында дары-дармектерге болушунча дүң жана чекене бааларды белгилөөгө багытталган. Бул тууралуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Исабек Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, фармацевтикалык уюмдарга дары-дармектерди белгиленген баанын чегинен жогору сатууга тыюу салынат.
"Маанилүү дарылардын улуттук тизмесине кирген дары-дармектерге максималдуу баалар белгиленет. Алардын баасын көрсөтүүдө түрдүү факторлор, анын ичинде башка өлкөлөрдөгү наркы, транспорттук чыгымдар, бажы төлөмдөрү эске алынат. Мындан тышкары, үстөк баанын регрессивдүү шкаласы колдонулат. Ага ылайык, дарынын баасы канчалык жогору болсо, үстөк баа ошончолук төмөн болот. Эрежелер кыргызстандык өндүрүшчүлөр чыгарган дары-дармектерге, ошондой эле рецептсиз сатылуучу дарыларга жана жеткирүү баасы 100 сомго чейинкилерине колдонулбайт. Аталган эрежелер республикада көзөмөлгө алынуучу баңгизаттарга жана психотроптук каражаттарга да жайылтылбайт. Эң жогорку дүң жана чекене бааларды эсептөө жана каттоо Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти тарабынан жүргүзүлөт", — деди Исмаилов.
Ал мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу дары-дармектердин баасын текшерүү үчүн жарандар www.pharm.kg сайтында жарыяланган QR кодду колдонсо болорун жана дары-дармектердин баасын ашыкча көтөрүп саткан учурда ошол эле сайттагы нускамаларды аткаруу менен арыз калтыра аларын кошумчалады.