Ирактын Копенгагендеги элчилигинин алдында Куран өрттөлдү

Топтолгондордун бири мусулмандардын ыйык китебин өрттөп, дагы бири Ирактын желегин тебелеген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. – Sputnik. "Даниялык патриоттор" (Danske Patrioter) деп аталган экстремисттик топтун мүчөлөрү Ирактын Копенгагендеги элчилигинин алдында Курандын көчүрмөсүн өрттөп жиберишти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анда активисттердин бири мусулмандардын ыйык китеби — Куранды өрттөп жиберсе, дагы бири Ирактын желегин тебелеген. Бул акцияга беш киши чыккан.
Шаршембиде Швеция полициясы Ирактын Стокгольмдогу элчилигинин алдында Куран китепти өрттөгөн акциянын өтүшүнө уруксат берген. Куран китеби өрттөлөт деп айтылганы менен ал акцияда Куранды өрттөшкөн эмес, бирок анын катышуучуларынын бири китепти тебелеген. Мунун негизинде бейшембиде эртең менен жүздөгөн демонстранттар Швециянын Багдаддагы элчилигине кирип барып, аны өрттөп жибергенин ЖМКлар жазышкан. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлеринен эч ким жабыркаган эмес.
Ага чейинки дагы бир жосун дүйнө коомчулугунун көбүнүн нааразылыгын жараткан. Курман айтта Стокгольм шаарында Куранды өрттөп, шылдыңдоо фактысы бир топторду ордунан козгогон. Ирак сот жообу боюнча айтып, Швеция бийлигинен аталган акцияны жасаган иммигрантты кайтарып берүүнү суранган. Бир нече ирактык Багдадда аталган мамлекеттин элчилигинин жанына чогулган. Курандын өрттөлүшүн Алжир, Афганстан, Египет, Индонезия, Ливан, Сирия, Түркия, Өзбекстан, Араб мамлекеттеринин лигасынын башкы катчысы Ахмед Абуль Гейт, Перси булуңундагы Араб мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин башкы катчысы Жасем аль-Будайве сындады. Иордания менен Бириккен Араб Эмирлигинин тышкы иштер министрликтери Швециянын элчисин нааразылык нотасын тапшыруу үчүн чакырышкан.
Россия ТИМи бул инцидентти кылгандар жазасыз калышы алдын ала айтууга болбогон кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендигин, дүйнө коомчулугу мындай кадамдарга каршы турушу керектигин билдирген.
Россия президенти Владимир Путин Дербенттеги мечитке барганда РФте Куранды сыйлабагандык башка мамлекеттерге салыштырмалуу кылмыш болуп саналарын билдирди. Ал Россия Куранга карата мыйзам эрежелерин ар дайым сактап келерин белгилеген.
БУУ ыйык китептерди өрттөгөн акцияларды айыптаган резолюция кабыл алды