23-июлга карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Жекшембиде Чүй облусунун айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен жергесинин тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Ысык-Көл, Нарындын айрым жерлеринде жамгыр катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +33...+38, Талас жергесинде +30...+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көл өрөөнүндө +26...+31, ал эми Нарында +27...+32 градус болот.
Термометр Бишкекте +36...+38, Ошто +37...+39, ал эми Чолпон-Атада +26...+28 градусту көрсөтөт.
Августта Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? Бир айга божомол