БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Украинанын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Киевдеги элчиси Идрис Кадыркуловду кечээ, 20-июлда, чакырып санкциядагы товарлардын транзити тууралуу түшүндүрмө сураган. Бул тууралуу Украин ТИМи расмий сайтына жазды.
Анда санкцияларга карабай Россияга курал жасоого колдонулушу мүмкүн делген жогорку технологиялык компоненттерди жана буюмдарды Кыргызстан аркылуу ташылып жатканы тууралуу маалыматтын чын-төгүнү суралган.
Украина ТИМи Кыргызстандан Россияга андай товарлардын реэкспортун "достукка жакпаган" кадам катары караларын айтышкан.
"... РФ Кыргызстан аркылуу реэкспорт жасалган товарларды аскердик техникаларды жабдуу үчүн колдонушу мүмкүн. Муну украин тарап достук эмес мамиле катары баалайт", — деп жазылган маалыматта.
Белгилей кетсек, шаршембиде Washington Post Ак үй Кыргызстанды Россияга санкция салынган товарларды ташып кирүүсүн токтотууга мажбурлаш үчүн экономикалык чараларды даярдап жатканын жазган.
Ал эми кыргыз бийлиги АКШ жана Батыш өлкөлөрүнүн Россияга киргизген санкциялык чектөөлөрүн бузууга мамлекеттик түзүмдөр менен ишканалардын эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. Аны менен катар эле жеке компаниялар менен фирмалардын өз ишмердүүлүгүнүн алкагында продукциялардын акыркы керектөөчүсү ким экенин билбестен санкциялык чектөөлөрдү бузууга катышып калышы мүмкүндүгү белгилеген. УКМК бул боюнча териштирүүнү баштады.
Ал эми кечээ АКШ кыргызстандык төрт компанияга санкция киргизгени кабарланды.