БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Йоханнесбург шаарында 19-июлда болгон жарылуу боюнча RT кабарлады.
Алдын ала берилген маалыматка караганда, кырсык газ куурунун жарылышынан улам болгон.
Кадрдан биринин артынан бири тизилип, токтоп турган кичи автобустар бир учурда бардыгы ыргып, капталдап, ал эми жолдун жээктери жарылып кеткенин көрүүгө болот. Андан соң дүрбөлөңгө түшкөн адамдар ары-бери чуркап, баш паанек издегени да камерага түшүп калган.
Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына таянсак, бир киши көз жумуп, 40 адам жабыркаган.
Ал эми башка видеодон жолдун бөлүгү кадимкидей эле талкаланып калганын көрүүгө болот.