Россиянын Вашингтондогу элчилиги АКШнын жаңы санкцияларына комментарий берди

Бейшембиде Вашингтон, Канада жана ЕБ Россияга карата жаңы санкциялар киргизилгендиги боюнча кабарлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. АКШ тараптан болгон кезектеги антироссиялык санкциялар Москванын коргонуу жөндөмдүүлүгүн, финансылык жана технологиялык суверенитетин бекемдөө багыттарынын негиздүү экендигин билдирет. Бул тууралуу РФтин Вашингтондогу элчилигинен айтты.
Буга чейин бейшембиде Вашингтон, Канада жана ЕБ Россияга карата жаңы санкциялар киргизилгендиги боюнча кабарлаган.
Вашингтондун санкциялык тизмеси Россиянын финансы, тоо кен, технология жана аскерий тармагына байланышы бар жүздөн ашык юридикалык жана жеке тараптарга көбөйгөн.
"Ак үйдүн деструктивдүү кадамдары Россия Федерациясынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн, финансылык жана технологиялык суверенитетин бекемдөө жаатындагы багыттары негиздүү экендигин бекемдеди. Дүйнөлүк экономикалык, финансылык байланыштарды долларсыздаштырууну тездетүү процесстерине альтернативалардын жоктугун кайрадан бөлүп көрсөттү", — деген элчиликтен.
Дипломаттар Батыштын аракетин "гибриддик согуш" деп аташты. Алар репрессиялык жаңы раунд аркылуу Россиянын аскердик өнөр жай комплекси менен энергосекторунун мүмкүнчүлүгүн чектеп, аны менен катар эле эл аралык финансылык системага жеткиликтүүлүктү татаалданткысы келишкен.
АКШ кыргызстандык төрт компанияга санкция киргизди