Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: украиналыктардын ою акырындык менен өзгөрө баштады

Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. – Sputnik. Украинанын жарандарынын пикири акырындык менен өзгөрүп бара жатат. Мындай көрүнүш Европада дагы байкалууда. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин билдирди.

"Украинанын эли "жакындарыбыз кимдин арам ою үчүн өлүп жатат" деген суроону берип, акырындык менен ойгоно баштады. Европада дагы коомчулуктун пикири өзгөрүп жатканын көрүп турабыз", — деди Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Ал европалыктар жана Европанын элитасынын өкүлдөрү Украинаны колдоо – бул туңгуюк, акча менен күчтү асманга чачуу экенин, европалык кызыкчылыкты эмес, башкалардын каалоосу аткарылып жатканын көрүшкөнүн белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ТИМи: АКШ Украинадан контрчабуулду улантууну талап кылууда