Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ лидери Польша Украинадагы жаңжалга кийлигишүүнү каалап жатканын айтты

Путиндин айтымында, польшалыктар Украинанын майлуу-сүттүү жерин тартып алгысы келет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. – Sputnik. Польшанын лидерлери НАТОнун коргоосундагы коалиция түзүп, Украинадагы жаңжалга кийлигишүүнү пландап жатышат. Алар өздөрү ойлогондой тарыхый жерлерин кайтарып алгылары келет. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
"Польшалык лидерлер "НАТО кол чатырынын астында" коалиция түзүү менен Украинадагы конфликтиге түздөн-түз кийлигишүүнү каалап жатышы мүмкүн. Максаты – Украинанын майлуу-сүттүү жерин тартып алуу. Алар бул өлкөнүн батыш тарабын өзүнүн тарыхый жери катары эсептешет", – деди Путин.
Өлкө башчысы поляктар беларустардын дагы жерине көз артып келерин кошумчалады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: украиналыктардын ою акырындык менен өзгөрө баштады