Нарында такси акысы 15 сомго түшүрүлдү

Буга чейин айдоочулар жол кирени кымбатчылыктан улам 20 сомго көтөрүү чечимин кабыл алганын билдиришкен эле.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев шаардагы ички жолдордо эл ташыган айдоочулардын бригадирлери жана коомдук транспорттун жетекчиси менен жолугуп, жол кирени 15 сом боюнча калтырууну сүйлөштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Буга чейин айдоочулар жол кирени кымбатчылыктан улам 20 сомго көтөрүү чечимин кабыл алганын билдиришкен. Бирок айрым жарандарыбыз жол кире баасынын көтөрүлгөнүнө нааразычылыктарын билдирип кайрылып келишкен.
Мындан улам калаа башчысы Тутуев шаардагы такси бригадирлери менен жолугуп, жарандардын кайрылууларын эске алуу менен жол кирени кымбаттатпоо өтүнүчүн айтып, элди 15 сомдон ташууга макулдашкан.
Аны менен катар эле "Нарын Жол Транс" компаниясынын жетекчисине коомдук маршруттук таксилерди өз убагында чыгарып, активдештирүүнү айткан.
Ошондой эле шаардагы ички жолдордо убактылуу иштеп, жүргүнчүлөрдү 20 сомдон ташыган айдоочулар үчүн тынымсыз текшерүүлөрдү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрүүнү белгилеген. Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы оор жүк ташыган автоунаалардын шаар ичинде башаламан токтошуна жол бербөө жана алдын алуу үчүн тийиштүү жол белгилерин коюуну тиешелүү кызматтардын жетекчилерине тапшырган.
Нарын шаарында коомдук транспорттогу жол кире көтөрүлөт