КРде кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун көлөмү 100%га жогорулайт

Учурда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун орточо өлчөмү 16 100 сомду түзөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. – Sputnik. Кыргызстанда 2024-жылдын 1-январынан тарта кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун көлөмү жогорулайт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жөлөк пулдун алгачкы 10 иш күнү үчүн төлөмдү иш берүүчүлөр эмгек акынын 100 пайыз өлчөмүндө берет. Ал эми 11-иш күнүнөн тарта жөлөк пулдун суммасы айына 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) эсебинде республикалык бюджеттен төлөнүп келген. Эми 1-январдан тарта мамлекет тарабынан төлөнчү жөлөк пул 100 пайызга көбөйтүлүп, 2000 сомго чейин жетмекчи.
"Ал эми бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы аймактарда иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул толук эмгек акынын өлчөмүндө, башкача айтканда, бардык иш күндөрү үчүн эмгек акынын 100 пайызы берилет", — деп айтылат маалыматта.
Министрликтин маалыматына караганда, учурда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун орточо өлчөмү 16 100 сомду түзөт. 2023-жылдын алты айында 15,5 миң адам жөлөк пул алып, республикалык бюджеттен 249,8 миллион сом берилген.
Кыргызстанда 1-июндан тарта жөлөк пулдарды көбөйтүү сунушталды