Радио

Бишкек: газ койдурууга жеңилдетилген насыя берилет. Шарттары

"Газпром Кыргызстан" ишканасы менен "РСК Банк" "Газдаштыруу" деп аталган программанын негизинде насыя бере баштаганы айтылды.
Sputnik
Банк газ койдурууну каалагандарга 150 миң сомго чейин төмөнкү пайызда күрөөсүз, кепилдиксиз, баштапкы төлөмсүз насыя берет. Бул тууралуу Свердлов районун акими Максатбек Саргазаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатканда билдирди.
Анын айтымында, "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы өлкөгө келгенден бери 25 конушту газдаштырды. Жыл аягына чейин дагы сегиз конушка газ киргизилет.
"2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында борбордун акимчиликтеринде "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын жана "РСК Банк" ААКтын өкүлдөрүнүн турак жайларды газдаштыруу маселелери боюнча калк менен жолугушуулары өттү. Күз-кыш мезгилинде экологиялык абалдын начарлап баратканын, ыш көйгөйүн эске алып "Газдаштыруу" программасы иштелип чыкты. Жыгач, көмүр отундан жаратылыш газына өтүү абанын булганышын азайтууга жана аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга жардам берет. Банк газ койдурууну каалагандарга 150 миң сомго чейин төмөнкү пайыз менен күрөөсүз, кепилдиксиз жана баштапкы төлөмү жок насыя бере баштайт. Каржылык мүмкүнчүлүгүнө жараша насыяны төлөө үчүн эң ыңгайлуу мезгилди кардар өзү тандайт. Үч айдан эки жылга чейинки мөөнөттү караштырса болот. Төмөндөтүлгөн пайыздык чен – болжол менен 18 пайызды түзөт. Борбор калаанын акимчиликтери жеңилдетилген насыя берүүнүн негизинде газ менен жылытууга кошуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ал эми "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы өлкөгө келгенден бери борбор калаадагы 25 конушту газдаштырды. Жыл аягына чейин дагы сегиз конушка газ киргизилет. Свердлов районундагы 14 конуштун үчөөнө газ киргизилген. Ал эми жыл соӊуна чейин дагы төрт конуш газдаштырылат", — деди Саргазаков.
Ал шаар тургундарын абанын булганышын кыйла азайтуу максатында жылуулуктун бул түрүнө өтүүгө чакырды.