Пресс-борбор

Министр энергетикага өзгөчө кырдаал кирсе кандай чектөөлөр болорун айтты

Аткаминер жарыкты атайылап өчүрүүлөр болбой турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетикалык секторго өзгөчө кырдаал киргизилсе кандай чектөөлөр болушу мүмкүндүгүн айтып берди. Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда уюштурулган брифингде сүйлөдү.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев
Электр энергиясы тартыш болуп жатканына байланыштуу аталган тармакка 1-августтан 2026-жылдын 31-декабрына чейин өзгөчө кырдаал режимин киргизүү сунушталган.
"Электр тогуна ашыкча күч келтирилген райондордо жөнгө салуучу иш-чаралар жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындай иштерди жасабасак кайсы бир көчө трансформаторду алмаштырганга чейин узак убакытка жарыксыз калышы ыктымал. Ал эми тарифтер боюнча айтсам, инфляцияны эске алуу менен жыл сайын көтөрүлүп турат", — деди Ибраев.
Министрдин айтымында, кыш мезгилинде Түркмөнстан (Өзбекстандын линиясы аркылуу) менен Россиядан (Казакстан аркылуу) электр энергиясын импорттоо күтүлүүдө. Ошону менен катар Ибраев жарыкты атайылап өчүрүүлөр болбой турганын белгиледи.
Кыргызстан менен Кытай 6 ГЭС курат. Акылбек Жапаров жерлерди көрүп чыкты