БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. "Дордойдун" аймагындагы "Алкан" базарына бомба коюлганы боюнча маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов районунун ички иштер бөлүмү билдирди.
Эртең менен милицияга "Алкан" базарына жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө кызматынын тобу барган. Аталган аймак курчоого алынып, андагы эл жана иштегендер эвакуацияланган.
Жеринде ИИМдин кинологдору иштеп, эч нерсе табышкан жок.