Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Батыштын Украинанын натыйжасы жок контрчабуулунан көңүлү калды

Путин бүт дүйнө Батыш кол тийбес деп мактаган техникалар кантип күйүп жатканына көз салып отурганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Украинанын эч кандай натыйжа бербеген контрчабуулунан Батыштын көңүлү калганы айкын болду. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңештин туруктуу мүчөлөрү менен өткөн жыйында билдиргенин РИА Новости жазды.
"Батыш биздин армиянын фронтун жарып өтүүгө аракет кылып, куралдарды жөнөтүп, танкаларды, артиллерияларды, сооттолгон техникаларды, ракеталарды, миңдеген чет элдик жалданма согушкерлерди жана кеңешчилерди колдонушту. Киевдик режимге тартылган мынчалык эбегейсиз ресурстар да жардам бере албайт", — деди Россия лидери.
Ошондой эле ал Батыш "кол тийбес, кубаттуу" деп мактаган техникалар кантип күйүп жатканына бүт дүйнө көз салып отурганын, бирок негизгиси Украинанын Куралдуу күчтөрү өзүн-өзү өлтүрүүгө жасаган аракеттеринин кесепетин тартып, ири жоготууларга учураганын белгиледи.
"Украин элинде эмне себептен, кимдин жеке кызыкчылыгы үчүн алардын туугандары кырылып жатканы боюнча мыйзамдуу суроолор берилип, байма-бай маселе көтөрүлүп жатат. Акырындык менен болсо да акыл калчап ойлонуп калышты", — деди Путин.
Аны менен катар РФ лидери Европада коомдук пикир өзгөрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, европалыктар жана Европа элиталарынын өкүлдөрү Украинаны колдоого бекер эле күч коротуп, акчаны шамалга чачып жатканын аңдап жатышат. Мунун жыйынтыгы өзүнүн пайдасы үчүн Европаны алсыратуу жана украин жаңжалына чекит койбой создуктуруу максатын көздөгөн "океандын ары жагындагы глобалдык гегемондун" кызыкчылыгы үчүн иштөө экенин түшүнүшүүдө.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: украиналыктардын ою акырындык менен өзгөрө баштады