22-июлга карата аба ырайы

22-июлда түнкүсүн тоолуу аймактарда өткүн өтүшү мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк жерлеринде күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +33...+38, Таласта +31...+36, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көлдө +24...+29 жана Нарында +26...+31 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +35...+37, Чолпон-Атада +24...+26 жана Ош шаарында +36...+38 градусту көрсөтөт.
Дем алышта Ысык-Көлдөн эртерээк чыккыла. Жол милициясы эс алуучуларга эскертти