Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын пилотсуз аппаратынын Крымга жасаган чабуулу бир кыздын өмүрүн алды

Администрациялык имараттар талкаланып, учурда ал жерде тармактык кызматтардын иштеп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Украинанын пилотсуз аппаратынын Крымдын түндүк-батыш тарабындагы эл жашаган жайлардын бирине жасаган чабуулунун кесепетинен кичинекей кыз көз жумду. Бул тууралуу аймактын башчысы Сергей Аксенов өзүнүн Telegram-каналына жазды.
Администрациялык төрт имарат талкаланып, учурда ал жерде тармактык кызматтардын иштеп жатканы айтылды.
"Тилекке каршы, курмандыксыз болгон жок — өспүрүм кыз көз жумду. Жакындарына, туугандарына көңүл айтам. Жабыркаган үй-бүлөгө зарыл болгон колдоолор көрсөтүлөт", — деп билдирген Аксенов.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россияга каршы теракт даярдалган украиналык объектилерге сокку урулду