Төө-Ашуудагы тоннелден өтүүгө киргизилген чектөө узартылды. График

Буга чейин оңдоо иштерине байланыштуу автоунаалардын кыймылына киргизилген чектөө 18-июлга чейин созулары айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Төө-Ашууда жайгашкан Көлбаев атындагы тоннелдеги кыймылга киргизилген чектөө 26-июлга чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.
Чектөө тоннелдин жолун оңдоо жана жаңылоо иштерине байланыштуу (Бишкек — Ош трассасынын 129-131-чакырымы) киргизилген.
График:
5:00-08:00гө чейин;
10:00-12:00гө чейин;
14:00-16:00гө чейин.
Буга чейин автоунаалардын кыймылы 18-июлга чейин чектеле турганы айтылган.
ЖКККББ айдоочуларды узак сапарын алдын ала пландап, жол эрежесин сактоого чакырды.
Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилиши жабылат. Себеби