Радио

Рамиз Алиев: Бишкекке таштанды салган 1500 урна жетишпейт

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев борбор калаага таштанды чогултуучу 1500 урна жетишпей турганын айтты.
Sputnik
Акыркы ирет техникалык жаңылануу 2015-жылы болгон. Таштанды чогулткан челектер да ушул жылдары жаңыланган. Ошондуктан учурда борбор калаага 1500дөй урна жетишпейт. Бул тууралуу Рамиз Алиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл техникаларды жаңылоого шаар бийлиги "Тазалык" ишканасына 200 миллион сом бөлгөн.
"Шаар казынасынан "Тазалыктын" техникалык базасын чыңдоого 200 миллион сом каралды. Урналар да ушул акчадан сатып алынат. Азыр тендер өткөрүп, 50-60 даанадан урна алып жатабыз. Мындан сырткары, 32 жаңы техника алдык. Көйгөйлөр толук чечилбесе да бул жаатта жылыш бар. Биз ошол эле учурда элдин таштандыны иргеп төгүү маданиятын көтөрүүгө муктажбыз. Анткени эгер үйдөн эки баштык таштанды чыкса, андан темир, кагаз, желим сыяктуу пайдалуу таштандыларды иргеп алсак, алар кайра иштетүүгө кетет. Экинчиден, полигонго азыраак таштанды бармак", — деди Алиев.
Ал ыктыярдуу түрдө шаар тазалыгына салым кошууну каалаган тургундар ишканага кайрылса болорун кошумчалады.