Көлдө шортычан жатканыңарды көрбөйүн! Ташиев министрлерге эс алууга тыюу салды

Атайын кызматтын башчысы министрлер таңкы саат 6:00дө жумушка келип калышы керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев министрлердин эмгек өргүүгө чыгышына тыюу салып, көлдө эс алып жатканын көрсө катуу жазалай турганын билдирди.
Ал аткаминерлер, айрыкча министрлер "көп иштеши керек" деп эсептейт.
"Министрмин деп креслодо отуруп алып эле ал жакка, бери жакка машине менен кайсалаңдап: "Эл деле дем алып атат, мен да дем алам", — дегенди токтотушубуз керек. Биз көп иштешибиз зарыл, дем алуу деген болбойт. Көлдө шорты кийип алып күндө кактанып жаткан бир да министр болбосун, бириңерди да көрбөйүн! Бул боюнча өзүм дагы катуу чара көрөмүн. Эс алсаңар үйүңөрдө дем алгыла, министр болуп келдиңерби, иштегиле. Эмгек өргүү деген бизде болбойт", — деди Ташиев.
Аны менен катар УКМК төрагасы министрлер таңкы саат 6:00дө жумушка келип калышы керектигин айтты.
"Мына, мисалы, мен бүгүн таңкы саат бештен бери жумуштамын. Министрлер саат 8:30-9да жумуш башталат деп келесиңер. Андай болбош керек. Министрлердин баары саат 06:00дөн баштап жумушта болушуңар абзел. Автоунаа тыгынын жаратып элдин баары жумушка жөнөгөндө сиздер да көчөгө чыкпастан... Бул биздин элге көрсөткөн үлгүбүз болот. Кызматкерлериңер да силерди көрүп эртерээк жумушка келет, жакшы иштегенге аракет кылат", — деди Ташиев.
Ташиев: экс-министр Кутманова 1 млрд. сомдук долбоорду туугандарына берип койгон