Радио

Шернияз: кино — туризмди өнүктүрүү үчүн мыкты курал

Режиссёр Илгиз Шернияз 2017-жылдан бери кыргыз кинолорун эл аралык фестивалдарга жиберип келерин айтты.
Sputnik
Фестивалдарга кинофильмди тарткандай эле жоопкерчилик менен караш керектигин Илгиз Шернияз Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кино — туризмди өнүктүрүү үчүн мыкты курал.
"Биздин өлкөдө тартылган кинокартиналарды эл аралык фестивалдарга жиберген кишилер саналуу гана. Мен да бул жаатка өзүмдүн тасмамды жиберип көрүү максатында аралашып калдым. Негизи фестивалдарга кино тарткандай эле жоопкерчилик менен кароо маанилүү. Анткени кыргыз кино фильмдеринин чет жерде көрсөтүлүп, сыйлык алгандыгы — өлкө үчүн чоң мотивация. Ошондой эле мамлекетибизди өнүктүрүүнүн бирден-бир жолу — туризм тармагы. Ал эми кино өнөрү туризмди алга жылдыруу үчүн эң мыкты курал. Бир эле фестивалга дүйнөнүн ар бурчунан келген 30 миңдей киши катышса, алардын баары болбосо да айрымдары мекенибиз тууралуу маалымат алгандыгы жакшы көрүнүш болуп саналат. Ошондуктан кинолорду фестивалдарга жиберүүгө кайдыгер карабашыбыз керек. 2-3 фестивалдан жооп келбей калса, тарткан кином ийгиликсиз экен деп ойлоп калуу да туура эмес. Ар бир фестивалдын өзүнүн тематикасы болот. Ошого жараша жибергенде ийгилик бирде болбосо, бирде жылмаят", — деди режиссёр.