Садыр Жапаров Меккеде кичи ажылык зыяратын жасады. Сүрөт

Кыргызстандын президенти Сауд Арабияга алардын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен барган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Сауд Арабия падышалыгына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мекке шаарында Умрага (кичи ажылык) барды. Бул тууралуу маалымат кызматы кабарлады.
Умра учурунда ал Ыйык Каабанын ичине кирип намаз окуган.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров Сауд Арабия падышалыгына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мекке шаарында Умрага (кичи ажылык) барды.

2 / 3

Умра учурунда ал Ыйык Каабанын ичине кирип намаз окуган.

3 / 3

Мамлекет башчы Жараткандан өлкөгө өсүп-өнүгүүнү, Кыргызстандын элине бак-дөөлөттүү, берекелүү турмушту тартуулашын тилеген

"Мамлекет башчы Жараткандан өлкөгө өсүп-өнүгүүнү, Кыргызстандын элине бак-дөөлөттүү, берекелүү турмушту тартуулашын тилеген", — деп айтылат маалыматта.
Умра — кичи ажылык, Меккеге жана Ыйык мечитке баруу менен байланышкан, ажылык үчүн белгиленген айдан башка жылдын каалаган убагында жасалуучу зыярат.
Эске салсак, Жапаров Сауд Арабияга алардын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен барган. Сапардын алкагында ал мамлекет башчылардын "Борбор Азия — булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши" аттуу биринчи саммитине катышты.
Сауд Арабияга барган Жапаровду Меккенин губернатору тосуп алды. Видео