Жапаров араб өлкөлөрүнүн башчыларына КР менен визасыз зона түзүүнү сунуштады

Мамлекет башчы сунуштаган кадамдар сооданы гана стимулдаштырбастан, маданий кызматташууну да өнүктүрөрүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров араб өлкөлөрү менен Кыргызстандын ортосунда визасыз режим киргизүүнү сунуштады. Ал мындай демилгени "Борбор Азия — булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши" саммитинде көтөргөнүн маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчынын айтымында, транспорттук-логистикалык байланыштарды, анын ичинде темир жол жана аба каттамдарын кеңейтүү аймактардын ортосунда товарлардын, капиталдын жана адамдардын кыймылын жеңилдетет. Бул сооданы гана стимулдаштырбастан, маданий алмашууну да өнүктүрөт.
Бул максатта Жапаров төмөнкү кадамдарды жасоону сунуш кылды:
КР менен араб мамлекеттеринин аймактарынын ичинде визасыз зонаны түзүү;
авиакомпаниялардын борборлор ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачууга жана кеңейтүүгө дем берүү, колдоо көрсөтүү;
биргелешкен туристтик маршруттарды иштеп чыгуу;
банктар аралык кызматташтыкты чыңдоо;
соода жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү.
Кыргызстан Түркияга визасыз режимдин мөөнөтүн 6 айга узартууну сунуштады