Жапаров араб өлкөлөрүн Кытай — Кыргызстан темир жолун биргелешип курууга чакырды

Мамлекет башчы Борбордук Азия кубаттуу соода, транзиттик, логистикалык жана транспорттук потенциалга ээ экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Экономикалык жана инвестициялык кызматташтык биздин күн тартибибиздин өзөгүн түзөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Борбор Азия — булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши" саммитинде билдирди.
Мамлекет башчы Борбордук Азия ошондой эле Европа менен Азиянын кесилишинде турган кубаттуу соода, транзиттик, логистикалык жана транспорттук потенциалга ээ экенин белгиледи.
"Ушуга байланыштуу биздин өкмөттөргө аймактар аралык кызматташтыкты жана энергетика, инфраструктура, айыл чарба, транспорт, саламаттыкты сактоо, туризм, санариптештирүү жана инновациялар сыяктуу маанилүү тармактарда тажрыйба алмашууну жигердүү өнүктүрүүнү тапшырууну сунуштайм. Булуңдагы өлкөлөрдөгү өнөктөштөрүбүздү региондор аралык соода-экономикалык кызматташтыгыбызды бекемдей турган "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" темир жолун куруу боюнча мегадолбоорду биргелешип ишке ашырууга чакырам", — деди Жапаров.
Ошону менен катар эле ал кыргыз өкмөтү кубаттуулугу 1860 мегаватт болгон Камбар-Ата-1 ири ГЭСин куруу долбоору боюнча жигердүү иштеп жатканын айтты. Мындан улам араб өлкөлөрүн энергетикалык жана суу коопсуздугун чыңдоого олуттуу салым кошо турган Кыргызстандагы бул ГЭСти курууга активдүү катышуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.
Жапаров араб өлкөлөрүнүн башчыларына КР менен визасыз зона түзүүнү сунуштады