Ташиев Ноокат жолу бүтпөсө, 1-сентябрда транспорт министри иштен кетерин айтты

Негизги трассанын 50 чакырымдай тилкеси көп жылдан бери оңдолбой, элди түйшүккө салып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Ноокат районундагы тамтыгы чыккан жол 31-августка чейин оңдолуп бүтпөсө, транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев кызматтан кетерин айтты.
Ал бүгүн өкмөттүн жыйынында сүйлөп, министрге аз эле убактысы калганын эскертти.
"Ноокат жолу 31-августка чейин бүтүшү керек. Эгер бүтпөй калса 1-сентябрда арыз жазасыз (кызматтан кетүү боюнча — ред.), билесиз ээ, экөөбүз сүйлөшкөнбүз. Бир ай 12 күн убактыңыз калды", — деп кайрылды Ташиев.
Белгилей кетсек, Оштон Баткенге бараткан негизги жолдун Ноокат районунун аймагындагы 50 чакырымдай тилкесинин тамтыгы чыгып калган. Бул көйгөй көп жылдан бери көтөрүлүп келет. Жергиликтүүлөр маселени чечүүнү талап кылып бийликке тынбай кайрылып келет, митингге да чыгышкан. Президент Садыр Жапаров быйыл жазда капиталдык оңдоону баштап, күзгө бүтүрүүгө тапшырма берген. Андан соң Камчыбек Ташиев бул иштин жүрүшүн жеке көзөмөлүнө алганын маалымдаган.
Ташиев: экс-министр Кутманова 1 млрд. сомдук долбоорду туугандарына берип койгон