2024-жылдан тарта накталай акча менен үй сатып, ижарага берүүгө тыюу салынат

Өкмөт башчы бийлик мындай кадамдарга барбаса, салыктардын сыртка чыгып кетишин жоё албай каларын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кийинки жылдан тарта накталай формада турак жай, автоунааларды сатып же ижарага берүүгө тыюу салынат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү иштерди аткарууну Санариптик өнүктүрүү министрлигине тапшырма берди.
Өкмөт башчынын мындай кадамдарга барбаса салыктардын сыртка чыгып кетишин жоюп, ачык-айкындуулукту камсыз кыла албай каларын белгиледи.
"Биз аймактык интегратор катары төлөм системалары үчүн күрөштө алдыда болууга умтулушубуз керек. Бул Санариптик өнүктүрүү министрлигине биринчи милдет катары жүктөлөт. Мамлекеттик бардык кызматтар жана тейлөөлөр 2024-жылдын 1-январынан тарта накталай эмес төлөмгө өткөрүлөт. Ага даяр болуу керек. Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуу, башкаруу, ижарага берүү боюнча бардык операциялар накталай эмес формада гана жүргүзүлүүгө тийиш. Ансыз активдерди каттоо жана кайра каттоо жүргүзүлбөшү зарыл", — деди Жапаров.
Учурда 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин жыйыны өтүп жатат.
Электрондук кол тамга онлайн түрүндө жана элчиликтерде бериле баштайт