Садыр Жапаровдун Сауд Арабиядагы жумушчу сапары аяктады

Мамлекет башчы Сауд Арабияга падыша Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен 18-июлда кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Садыр Жапаровдун Сауд Арабия падышалыгына болгон жумушчу сапары аяктап Бишкекке кайтып келгенин президенттик администрация маалымдады.
Анда айтылгандай, сапардын алкагында Жапаров булуңдагы араб мамлекеттери жана каржы мекемелеринин башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
19-июлда Жидда шаарында Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед бин Сулейман Аль-Жассер, Бахрейндин падышасынын атайын элчиси, падышанын үй-бүлө мүчөсү Нассер бин Хамад Аль Халифа менен жолугушкан.
Ошондой эле ал Катардын эмири Тамим ибн Хамад Аль Тани, Кувейт мамлекетинин мураскер ханзаадасы шейх Мишаль Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабах жана Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы, премьер-министри Мухаммад бин Салман Аль Сауд менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Мамлекет башчы "Борбор Азия — булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши" аттуу мамлекет башчыларынын биринчи саммитине катышты.
Жапаров Сауд Арабияга падыша Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен 18-июлда кеткен.
Садыр Жапаров Меккеде кичи ажылык зыяратын жасады. Сүрөт