Кыргызстан куралданууга 2,5 жылда 125 млрд. сом коротту

Пилотсуз учуучу "Байрактар", "Аксунгур", "Акынжы" техникалары, зениттик-ракеталык "Печора" системаcы жана тик учактар алынганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстан куралданууга эки жарым жылда 125 млрд. сом коротконун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев өкмөттүн жыйынында билдирди.
Анын айтымына караганда, 2021-жылы бул багытка 32 миллиард сом, 2022-жылы — 53 миллиард, ал эми быйылкы жылдын алты айында 40 миллиард сом жумшалган.
"Бул өтө масштабдуу жаңылоо. 2005-2020-жылдары 3-5 миллиард берилген", — деди Ташиев.
Ал пилотсуз учуучу "Байрактар", "Аксунгур", "Акынжы" техникалары, зениттик-ракеталык "Печора" системаcы жана тик учактар алынганын эске салды. Буларга каражат мамлекеттик бюджеттен берилгенин кошумчалады.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстан Борбор Азияда азырынча аналогу болбогон курал-жарактын жаңы түрлөрүн сатып алганын айткан эле.
Садыр Жапаров: Кыргызстан Борбор Азияда аналогу жок куралдарды сатып алды