Кыргызстанда энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизүү сунушталды

Өкмөт башчы министрдин демилгесин колдоду.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Энергетика министри Таалайбек Ибраев өкмөттүн жыйынында быйыл 1-августтан 2026-жылдын 31-декабрына чейин энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштады.
Анын айтымында, бул электр энергиясынын тартыштыгы өсүп жатканына байланыштуу ыкчам чараларды кабыл алуу үчүн керек. Быйылкы дефицит 3 миллиард киловатт-саатты түзөт, 2026-жылга чейин 5-6 миллиард киловатт-саатка жетиши мүмкүн.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ал демилгени колдоду. Деген менен Ибраев аталган өзгөчө кырдаал режими кандай болорун тактаган жок, керектөөчүлөр кандай чектөөлөргө дуушар болору азырынча белгисиз.
Белгилей кетсек, Кыргызстан апрелде Россиядан Казакстан аркылуу транзит менен электр энергиясын импорттой баштаган. Анда 2023-2024-жылдагы күз-кыш мезгилдеринде 875 миллион киловатт-саат электр тогун сатып алуу макулдашылган.
Кыргызстанда быйыл тоют 30 пайызга аз. Өкмөт жем-чөп экспорттоого тыюу салат