"Энергетика министрлиги электр кубатынын тарифтерди аныктоонун жаңы ыкмасын иштеп чыгып, коомдук талкууга коюлду. Бүгүнкү күндө энергетикалык компаниялардын иш жүзүндөгү чыгымдары жабдууларды жана электр тармактарын тейлөө, эксплуатациялоо үчүн талап кылынгандан бир топ төмөн. Энергетика ишканаларынын негизги каражатынын бир кыйла бөлүгүн алмаштыруу жана реконструкциялоо иштерине жумшоо зарылчылыгы бар экендигин тармактагы азыркы кырдаал ачык көрсөтүп турат. Бул жакшы тейлөө деңгээлин камсыз кылуу жана келечекте электр менен камсыздоо системасын өнүктүрүү үчүн зарыл. Өз кезегинде каржылык инвестициялардын булагы — электр энергиясынын тарифтери. Ошол эле учурда Кыргызстанда электр кубатын керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз камсыздаган энергетикалык компаниялардын чыгымдары ушул убакка чейин толук жабыла элек. Ошондуктан көйгөйлөрдү эске алуу менен тарифтерди эсептөөгө, электр энергиясынын толук өздүк наркын аныктоого тарифтерди белгилөөнүн эсептөө жол-жобосунун ыкмасы иштелип чыкты. Иштелип чыккан калькуляция электр энергиясын өндүрүүгө жана керектөөчүгө берүүгө бардык чыгымдардын толук эсебин камсыз кылат", — деди Эгемберди уулу.