Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилиши жабылат. Себеби

Канализациялык коллекторду реконструкциялоого байланыштуу жол каттамдары убактылуу өзгөрмөй болду.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. 21-июлдан 23-июлга чейин Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилиши автотранспорт кыймылы үчүн жабыларын мэриядан кабарлады.
Бул канализациялык коллекторду реконструкциялоого байланыштуу экенин түшүндүрдү.
Оңдоо иштерине байланыштуу төмөнкү троллейбустук каттамдардын схемалары жарым-жартылай өзгөртүлмөкчү:
2, 10-троллейбустар "Фрунзе заводунун" акыркы аялдамасынан эки тарапка Москва көчөсү менен жүрөт да, андан ары мурдагы жолуна түшөт;
14-троллейбус Дэн Сяопин проспектисинен Интергельпо — Москва — Бейшеналиева — Чүй көчөлөрү менен кетет, андан ары мурдагы каттам боюнча жүрөт.
Кыргызстанга жол техникасынын биринчи партиясы келди. Сүрөт