БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгы эки кабаттуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун курууга тендер жарыялады.
Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, объект Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө, Ленин районунун Семетей көчөсү 6 дарегинде жайгашат.
Жер тилкенин жалпы аянты 1,3 гектар. Бейтапкананын сметалык наркы 110 миллион 840 миң 557 сом деп коюлду.
Калаа мэриясы ишкерлерди тендерге катышууга чакырды. Каалоочулар 1-август саат 15:00гө чейин Капиталдык курулуш башкармалыгына табыштама жөнөтүшү шарт.
Сынактын шарттары тууралуу толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган.