Бала багууну эмгек стажына кошуу: акыйкатчы себебин айтты

Сунуш көбүнесе жумуш ордунда декреттик өргүүгө чыккан аялдарга эмес, жумушсуз жүргөндөргө тиешелүү.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. КР Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева эмне үчүн Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатканынSputnik Кыргызстан радиосунун түзэфиринде айтып берди.
Ал бала баккан мезгил эмгек стажы катары эсептелиши керек деп өткөн аптада сунуштаган.
“Бизде үй-бүлөбүздө орто эсеп менен үчтөн бала бар. Алар чоңойгондо аял 40ка чыгып калат. Албетте, иштегиси келет, бирок иш берүүчү аны жумушка алгысы келбейт. Анткени анын тажрыйбасы жана стажы жок. Бала баккан учурду мамлекет эч кандай эсепке албайт. Ал эми аялдар пенсияга да муктаж. Ошондуктан аялдардын жарымы бул демилгени жактырды”, — деди акыйкатчы.
Ал белгилегендей, бул сунуш көбүнесе жумуш ордунда декреттик өргүүгө чыккан аялдарга эмес, жумушсуз жүргөндөргө тиешелүү.
Радио
Исмаилова: баланы чоӊойгуча жөлөк пул менен багам деш туура эмес