21-июлга карата аба ырайы

21-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Жумада күндүз туруксуз аба ырайы күтүлүп, тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +30…+35, Таласта +30…+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +32…+37, Ысык-Көлдө +23…+28, Нарын өрөөнүндө +25…+30 градусту көрсөтөт.
Абанын табы Бишкекте +33…+35, Ош калаасында +35…+37, Чолпон-Атада +25…+27 градус ысыйт.
Августта Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? Бир айга божомол