Радио

Максутов: күздө театрлар республиканы түрө кыдыра гастролдошот

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов сентябрь айында театрлар аймактарды кыдырып оюн коёрун айтты.
Sputnik
Өлкөдөгү бардык театрлар, ошол эле Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театры, Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театры, Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры баш болуп, бардык аймактык театрлар республиканы түрө кыдырып гастролго чыгышат. Гастролдор сентябрь айында башталат. Бул тууралуу Алтынбек Максутов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Министрдин айтымында, жалпысынан 1000ге чукул спектакль, концерттер коюлат.
"Республикалык бюджеттен музыкалык аспаптарды жаңылоого жана артисттердин бир айлык гастроль учурундагы чыгымдарын жабууга 373 миллион сом каражат бөлүндү. Эми сентябрь айында өлкөдөгү бардык театрлар атайы түзүлгөн графиктин негизинде аймактарды кыдырып, элге руханий байлык тартуулашат. Бардыгыбыз жакшы билгендей театрлардын гастролдук чыгымын сатылган билеттин акчасы жаба албайт. Андыктан элди көндүрүп, кайрадан бийик руханий азыкка болгон кызыгуусун арттыруу максатында чыгымдар мамлекеттин эсебинен каралууда. Искусстводо театр жанры баарынан алдыда жүрүшү керек. Ошол эле мода жана башкалар театрдан үлгү алып пайда болуусу зарыл. Бул багытта жасалчу иштер көп. Быйыл аймактарды кыдырып гастролдоодон баштайбыз. Бардык театрлар элге өз өнөрлөрүн тартуулашат. Андан соң күз мезгилиндеги театр сезонунда кайрадан жаңы спектаклдер менен көрүүчүлөрүн тосуп алышат", — деди Максутов.
Ал ошондой эле театрдагы костюмдарга да мындан ары өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.