Путин БРИКС саммитине катышпайт

Саммит 22-24-август күндөрү Йоханнесбургда өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Йоханнесбургда өтө турган БРИКС саммитине барбайт. Ага Россия мамлекетинин атынан ТИМ жетекчиси Сергей Лавров катышат. Бул тууралуу РИА Новости Түштүк Африка Республикасынын президентинин кеңсесине шилтеме берип жазды.
"Эки тараптын макулдугу менен Путин саммитке катышпайт. Россиянын атынан тышкы иштер министри Сергей Лавров барат", — деп айтылат маалыматта.
Саммит 22-24-августта өтөт. Иш-чарага Түштүк Африка Республикасынын президентинен тышкары Кытай, Бразилия жана Индиянын лидерлери катышат.
Опузалоодон майнап чыкпайт. Эгин келишиминин тегерегиндеги жагдайга сереп