Мындан ары окуучулардын дептерлери Кыргызстандын өзүндө чыгат

Өлкөнүн сырттан жыл сайын 15 миллионго чукул дептер сатып алары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Мындан ары окуучулар колдонуучу окуу дептерлери Кыргызстандын өзүндө чыгат. Бул маалыматты билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев ведомствонун жыйынында айткан.
"Буга чейин окуу дептерлери Өзбекстан жана Россиядан алынып келчү. Жылына 15 миллион тетрадды чет жактан ташып келчүбүз. Улуттук баатырлардын, атактуу инсандардын сүрөттөрү тартылган дептер эми өзүбүздөн чыга баштайт. Бул улуттук патриоттук деңгээлди жана өндүрүштү да көтөрөт", — деген Иманалиев.
А. Жапаров: күзүндө мектеп жетекчилери менен ЖОЖ мугалимдеринин айлыгы өсөт