БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда оор жүк ташуучу автоунаа катуу ылдамдык менен келип маршрутканы коюп кетти. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.
Кадрдан жүргүнчү алып жаткан №169 каттамдагы бусту катуу ылдамдык менен келген SCANIA үлгүсүндөгү автоунаа артынан сүзгөнүн көрүүгө болот. Окуя бүгүн, 19-июлда, эртең менен болгон.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кырсыктан бир киши каза болуп, 23 киши ооруканага түшкөнүн билдирди. Анын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Үчөөнүн абалы өтө оор, бирөө оор деп бааланууда. Жабыркагандар ар кандай жаракаттарды алган. Жети киши хирургия бөлүмүнүн жалпы палаталарында дарыланууда. Калганы үйгө чыгарылган.