Радио

Кыргызстандын футзалчылары CAFA Futsal Cup-2023 турнирине катышат

Кыргызстандын футзал ассоциациясынын аткаруучу директору Киёмиддин Пириев футзал боюнча курама командалар арасында алгачкы ирет CAFA Futsal Cup турнири уюштурулуп жатканын айтты.
Sputnik
Кыргызстандын футзалчылары CAFA Futsal Cup-2023 турниринде күчүн сынайт. Ага Афганстан, Иран, Тажикстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан катышат. Бул тууралуу Киёмиддин Пириев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Борбор Азия футбол ассоциациясынын турнири 23-30-июль аралыгында Тажикстандын Душанбе шаарында өтөт.
"Футзал боюнча курама командалар арасында алгачкы ирет CAFA Futsal Cup турнири уюштурулуп жатат. Борбор Азия футбол ассоциациясынын турнири 23-30-июль аралыгында Тажикстандын Душанбе шаарында өтүп, ага Афганстан, Иран, Тажикстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан катышат. Курама команданын башкы машыктыруучусу Марат Дуванаев командага жаш оюнчуларды чакырып, учурда Бишкекте окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат. Иран жана Өзбекстандын оюнчулары мелдештин фаворити саналат. Бирок биздин балдар да жакшы даярдыктан өтүштү. Бул чемпионат 2024-жылы өтө турчу Азия кубогунун тандоо этабына даярдык катары да эсептелет", — деди Пириев.
Ошондой эле адис Кыргызстанда футзалды өнүктүрүү жана 2030-жылга чейин дүйнө чемпионатына катышууга аракет көрүлөрүн кошумчалады.