Кыргызстанда суроо-талап жогору болуп жаткан кесиптер аталды

Изилдөөгө ылайык, өлкөдө тигүүчүлөр, дарыгерлер жана айдоочулар жетишпейт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги эмгек рыногунда кайсы кесиптерге суроо-талап жогору болуп жатканын жарыялады.
Бүт аймактар боюнча мониторинг министрлик тарабынан быйыл жазда жүргүзүлгөн. Натыйжада өлкөдө төмөнкү адистер жетишсиз экени белгилүү болгон:
тигүүчү;
айдоочу;
жалданма жумушчу;
дарыгер;
медайым;
программист;
бухгалтер,
электр газ ширетүүчү.
Мындан сырткары, Бишкекте промоутер, аймакты тазалоочу, Ош шаарында кабель чыгаруучу слесарь, үтүкчү, официант, сатуучу, супервайзер жана соода агенти талап кылынып жатканы белгиленди. Ал эми Чүй облусундагы иш берүүчүлөр мугалим, кароолчу, ошондой эле жардамчы издеп жатканы аныкталган.
Жапаров: кыргыздар өлгүдөй жалкообуз, Ак үйдү курууга Дубайдан жумушчулар келди