Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Крымдагы полигондо өрт чыкты. Украина кылмышты өз мойнуна алды

Буга чейин Крымдын жетекчиси Киров районундагы аскер полигонунда жалын тутанганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Крымдагы полигондо украин чалгындоосунун максаттуу аракеттеринин кесепетинен өрт чыкты. Бул тууралуу РИА Новости "Страна" Telegram-каналына таянуу менен жазды.
Маалыматта чалгындын башчысы Буданов Крымдагы ок-дары сакталган кампадан өрт чыгышы Украина Куралдуу күчтөрүнүн Башкы чалгындоо башкармалыгынын операциясынын жыйынтыгы деген билдирүү жасаганы айтылат.
Буга чейин Крымдын жетекчиси Сергей Аксенов Киров районундагы аскер полигонунда жалын тутанганын билдирген.
Өрттөн улам "Таврида" трассасы тосулуп, автоунаалар кооптуу делген Феодосия району аркылуу айланып өтүп жатат. Региондун администрациясы тегерек четиндеги төрт айылдын эки миңден ашуун жашоочусун эвакуациялоону пландоодо. Крымдан депутат болуп шайланып келген Мамлекеттик думанын депутаты Михаил Шеремет кылмыш ишин козгоп, Будановго эл аралык издөө жарыялоону демилгеледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россияга каршы теракт даярдалган украиналык объектилерге сокку урулду